Майлуу-Суу шаардык хатибиятынын жамаатынын демилгеси менен шаардын Ленин көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаардык хатибиятынын жамаатынын демилгеси шаардын Ленин көчөсүндөгү тротуар толугу менен жаныланып, ушул жуманын аягына чейин бүткөрүлүп, пайдалунууга берилмекчи.

Жөө адамдар өтүүчү эски тротуардын узуну 30 метр, туурасы 1 м. болгондуктан жыгачтары чирип, жараксыз абалда калган эле.

Эми жакынкы күндөрү тротуар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, шаардыктар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлмөкчү.

Эскерте кетсек, буга чейин Майлуу-Суу РЭСтин жетекчиси Раев Жаныбек демилгеси менен “Абдуллах ибн Масьуд”  борбордук жума мечиттин алдындагы эски электр мамычаны жаңы бетон мамычага алмаштырышып, 3 прожектор орнотуп беришкен.