Медина шаарындагы Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Мекке шаарына жөнөп кетишти

17-июлда Бишкек-Медина багыты боюнча Медина шаарына учуп келген кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу бүгүн, 21-июлда ыйык Мекке шаарына жөнөп кетишти. Мекке шаарына келүүчү алгачкы топту тосуп алуу үчүн 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлдөрү даяр.