Баткен облусу боюнча ажылардын алгачкы тобу Ош-Медина багыты боюнча Медина шаарына учуп кетишти

Бүгүн, 22-июлда саат 13:10дө Баткен облусу боюнча ажылык сапарга бара турган ажылардын алгачкы тобу Ош эл аралык аба майданынан Медина шаарына учуп кетишти.

Курамында 150 жаран турган зыяратчыларды алгач Баткен шаарындагы борбордук «Нуьмани» мечиттинде узатуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов  жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болочок ажылардын бир туугандары катышты.

Ажыларды узатып жатып жетекчилер зыяратчыларга жакшы тилектерин айтышып, ыйык сапардын жүрүшүндө өлкөбүз, элибиз үчүн бата кылып, аман-эсен өз мекенине кайтуусун айтып, ак-жол каалашты.

Ал эми зыяратчылар жылуу тилектери жана уюштуруу иштери үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.