Ош-Медина багыты боюнча учкан кыргызстандык ажылардын биринчи тобу Медина шаарына келип конду

Ош-Медина багыты боюнча Ош эл аралык аэропортунан учкан кыргызстандык ажылардын биринчи тобу, 300 жаран  Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына келип конду. Учурда ажылар мейманканалардан орун алышып, алгачкы зыяраттарын башташты.

«Болочок  ажыларыбыздын маанайлары абдан жакшы. Учурда Медина шаарындагы мейманканалардан орун алышып, ыйык жайлар менен тааныша башташты,-деди Баткен облусунан ажылардын тобун жетектеп келген ажы ажы башчы Нурдин ажы Мамасабиров.