Баткен облусунан барган ажылар Пайгамбарыбыз (с.а.в) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышты

Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарында баткендик  ажылар Пайгамбарыбыз (с.а.в) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда жеринен ажы башчы Нурдин ажы Мамасабиров билдирди.

Анын айтымында кечээ, 24-июлда Медина шаарында өздөрүнүн ажылык милдеттерин өтөп жаткан баткендик ажылар «Ухуд» тоосу менен таанышып, «Куба», «Киблатайн» мечиттерине жана курма бактарга зыярат кылышты.

Зыярат учурунда тарыхый жерлер туурасында ажыларга баяндама жасадык. Учурда ажылардын абалы жакшы. 26-июлда Медина шаарынан Мекке шаарына сапар алабыз»,- деди ажы башчы Нурдин ажы Мамасабиров.

Эскерте кетсек, быйылкы ажылык милдеттерин өтөп келүүгө Баткен облусунан 485 жаран  жолдомо алган.