Ош-Жидда багыты боюнча учкан кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Мекке шаарына келип конду 

Бүгүн, 26-июлда Ош-Жидда багыты боюнча учкан кыргызстандык ажылардын тобу Сауд Араб Падышачылыгынын Мекке шаарындагы Жидда аэропортуна аман-эсен жетип алышты.

Азыркы маалда кыргызстандык ажылар Мекке шаарындагы атайын ажылар үчүн дайындалган мейманканага жайгаштырылууда.

Ош-Жидда багыты боюнча жалпы 18 рейс болсо, эң акыркы рейс 1-августа белгиленген.

Ал эми Медина шаарындагы ажылардын тобу күн сайын Мекке шаарына барып, өздөрүнүн ажылык амалдарын аткарышууда. 28-июлда Медина шаарындагы акыркы топ Мекке шаарына жөнөп кетмекчи.