Жалал-Абад облусунун казысы Тогуз-Торо районунун баш имам хатиби менен жолугушту

Бүгүн, 26-июлда Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров Тогуз-Торо районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек Казыбековичти кабыл алды.

Кабыл алуунун жүрүшүндө Абдулазиз кары Закиров буга чейинки район аймагында жүргүзүлгөн иш-чаралар, андагы аткарылган 6 ай ичиндеги отчет, курман айтка карата даярдыктарды көрүү боюнча жүргүзүлүп иштер менен жакындан таанышты.

Мындан тышкары аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында маалымат базаларын түзүү, мечиттерди мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүүнү ыкчамдатуу, элет жериндеги имамдардын билим деңгээлин көтөрүү жана башка бир топ маселелер талкууга алынды.