Чүй облусу боюнча 817 адам ажылык парзын аткаруу үчүн Ыйык Мекке жана Медина шаарларына учуп кетишти

Быйыл Чүй облусу боюнча ажылык парзын аткаруу үчүн 817 адамга ажылык квотасы берилип, бардыгы тең Сауд Араб Падышачылыгынын ыйык Мекке жана Медина шаарларына учуп кетишти.

Тактап айта турган болсок Чүй, Токмок жана Кемин хатибияты биригип 128 адам, Ысык-Ата районунан 137, Кант шаарынан 110, Аламүдүн районунан 97, Сокулук районунан 129, Москва районунан 160 жана Жайыл менен Панфилов райондорунан биригип 56 адам Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунан учуп кетишти.

Болочок ажыларыбызды атайын тандоодон өткөн диний билимге ээ болгон, тажрыйбалуу 16 ажы башчы баштап кетишти.

Чүй облусу көп улуттуу болгонуна байланыштуу болочок ажыларыбыз да ар кандай улуттардан болуп, көпчүлүгү кыргыз жана дунган улутундагылар болушту. 234 ажы кыргыз улутунан болсо, 562 ажы дунган улутундагылар болду. Ал эми калгандары өзбек, казак, лезгин, даргин, түрк, түркмөн, тажик, уйгур улутундагыларды түздү.

«Ажылыкты уюштуруу иштери жылдан жылга тартиптелип, алдыга жылып баратат. Мамлекетибизде да ажылык парзын аткарамын деген жарандарыбыз да жылдан жылга көбөйүүдө. Ажылыкка жөнөгөн жарандарыбыздын амалдары кабыл болуп, аман-эсен өз мекендерине кайтып келишсин»-деди Чүй казыятынан ажылык боюнча куратору Ташболот ажы Курманов.