Сокулуктагы «Фатих» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылындагы «Фатих» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Мечитти калыбына келтирүү иши мечиттин имамы Кадыр Назаровтун демилгеси менен уюштурулуп, жергиликтүү жамаат жана «Яшар» фирмасынын демөөрчүлүгү менен аягына чыгарышкан.

«Мечит тазалагандардын ички дүйнөсүн Аллах Таала тазалайт дегендей, соопту ишке салым кошкондордун бардыгынан Аллахым ыраазы болуп, кабыл кылган болсун. Буюрса эми ушуну менен токтоп калбастан, бул соопту ишти улантып, мечитибиздин айланасын да жакшыртууну ниет кылып турабыз»-деди мечит имамы Кадыр Назаров.