Ыйык Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылар ыйык жайларды заярат кылышууда

Ыйык Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылар ажылык амалдары башталганча Мина, Арафат,  Муздалифа өрөөндөрү жана «Жабалу Нур» тоосу, «Хира », «Саур» үңкүрлөрүн  зыярат кылышууда.

«Ар бир ажы башчы өз тобундагы болочок ажырды ыйык жерлер менен тааныштырып, зыяраттарды, ажылыктын шарттары боюнча атайын сабактарды уюштурууда. Муну менен катар жарандарыбызга Сауд Араб Падышачылыгынын мыйзамдары түшүндүрүлүүдө»,-деди ажы башчы Эркинбек уулу Талгатбек.

Учурда Мекке шаарындагы мейманканаларда 5400 кыргызстандык ажы жайгашып, өздөрүнүн ибадаттарын аткарышууда.

Эскерте кетсек, 1-августта Ош-Жидда багыты боюнча кыргыстандык ажылардын акыркы тобу Мекке шаарына учуп келет.