Аламүдүн районунун жаңы акими район имамдары менен жолугушту

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун акими Марс Сакараев Аламүдүн районунун имамдары менен жолугуп, алар менен жакындан таанышты.

Аталган чогулушка район имамдары, акимият кызматкерлери, Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов, Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов жана казыят кызматкерлери катышты.

Чогулушта Марс Сакараев имамдарды биргелешип иштөөгө чакырып, мечиттерди каттоодон өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө убада берди.

«Имамдар дайыма карапайым эл менен аралашып жүрүшөт. Элибиз да имамдардын сөздөрүн угушат. Ошондуктан, көп улуттуу болгон районубузда дайыма ынтымак-биримдикке элди үндөп, биргелешип иш алып баралы»,-деди ал.

Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов жаңы келген акимге Аламүдүн районунун ишмердүүлүгү жөнүндө кабар берип, облус боюнча эң алдыңкы хатибият экенин баса белгиледи.