Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу иштери менен жеринде таанышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев ыйык Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөлөрү менен жолугушуп, ажылыктын жүрүшү боюнча  жеринде таанышты.

 

Штаб кызматкерлери менен болгон жолугушууда Азирети Муфтий ажылар үчүн кызмат кылуу соопту, жоопкерчиликтүү иш  экендигин айтып, быйылкы жылдагы ажылык ишинде Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги койгон талаптардын бардыгы аткарылууга тийиш экендигин билдирди. Муну менен катар  Азирети Муфтий штаб өкүлдөрүн ажылыкты жогорку деңгээлде уюштуруу керектигин айтып, ажыларга коопсуздук, санитардык, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө көчүү эрежелерин, тартиптерин ажыларга жакшылап түшүндүрүү керектигин билдирди. Ошондой эле Азирети Муфтий ажылардын коопсуздугуна көңүл буруп,  аларга жолдо жүрүү эрежелерин, Мина өрөөнүндө өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча атайын түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүү керектигин билдирди.