Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Мекке шаарында ажылык амалдарын аткарып жаткан мекендештерибизден кабар алды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев ыйык Мекке шаарында  ажылык амалдарын аткарып жаткан мекендештерибизден кабар алды. Жолугушууда Азирети Муфтий мекендештерибиздин ал-абалдарын сурап, ажылык мезгили жакындап келе жатканда ден соолукту жакшы карап, штаб кызматкерлери жана ажы башчылар тарабынан айтылган коопсуздук, санитардык эрежелерине көңүл буруу керектигин билдирди. Муну менен катар Азирети Муфтий ажылыктын шарттары боюнча уюштурулган сабактарга активдүү катышып, ажылыкты шарият көрсөткөн тартипте туура аткаруу маанилүү экендигин билдирди.

«Ыйык жайларга келгенден кийин убакытты текке кетирип, дүкөндөрдү кыдырбастан ажылыкка жакшы даярданып, ибадатыбызга көңүл буралы. Ажылык иши машакаттуу. Андыктан сабырдуу болуп, ажы башчылар менен жакшы иш алып баруу зарыл»,-деди Азирети Муфтий. 

Ошондой эле жолугушууда Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө көчүүдө этияттыкка маани берип, Сауд Арабия Падышачылыгынын мыйзамдарын сактоо керектигин билдирди.