Азирети Муфтий САПтын Ажылык министрлигинин алдындагы кыргызстандык ажыларды тейлөөчү №28 мекемесинин жетекчи Хаттаб Ужейми менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык министрлигинин алдындагы кыргызстандык ажыларды тейлөөчү №28 мекемесинин жетекчи Хаттаб Ужейми менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда тараптар кыргызстандык ажыларды Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө көчүрүү, автобустарды, сууларды жана муздарды жетиштүү деңгээлде бөлүү, ажылардын Жамаратка (шайтанга) таш атууга чыккандагы графигин так сактоо, коопсуздук жана ажылардын тамак-аштары боюнча сүйлөшүштү.

Муну менен катар жолугушууда САПтын Ажылык министрлигинин алдындагы кыргызстандык ажыларды тейлөөчү №28 мекемесинин кызматкерлери мекендештерибизди Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө жайгаштыруудагы жол картасын көрсөтүштү. Ал эми ажылыкты уюштуруу боюнча штаб жетекчиси Замир каары Ракиев бул иш боюнча алдын ала ажы башчыларды жеринде  тааныштырып чыгуу пландалгандыгын билдирди.

Ал эми Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев №28 мекеменин жетекчиси Хаттаб Ужеймиге ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы эки тараптуу кызматташууну жакшырта бере тургандыгын баса белгиледи.