Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев жана Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов ыйык Мекке шаарындагы штаб кызматкерлери менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев жана Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов ыйык Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Замир каары Ракиев жана штаб кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушууда штаб жетекчиси ажылыктын уюштурулушу боюнча маалымат берип, Мекке шаарында аткарылып жаткан иштер менен тааныштырды.

«Чындыгында ажылыктын иши абдан оор жана жоопкерчиликтүү. Андыктан бул иште штаб кызматкерлери менен ажы башчылар тыгыз кызматташып, ажыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруулары керек»,-деди Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев.