Ажылык мезгили жакындады: Ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Замир каары Ракиев штаб кызматкерлерине жана ажы башчыларга жыйын өткөрдү

Ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Замир каары Ракиев Мекке шаарындагы жалпы штаб кызматкерлери жана ажы башчыларга жыйын өткөрүп, анда ажылык мезгилине даярдык көрүү маселеси каралды. Ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы ажы башчылар үчүн Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө көчүрүүдө алгач окутууларды жана жол картасын жеринде көрсөтүү, кыргызстандык ажылардын бул өрөөндөгү ажылык амалдары учурунда коопсуздук эрежелерине көңүл буруу керектигин эскертти. Муну менен катар жыйында Мина өрөөнүнө көчүүдө автобустарга катар номерлерин туура жазуу, Арафаттан Муздалифага көчүүдө ажылардын жол коопсуздугун көзөмөлдөө, Жамаратка (шайтанга) таш ыргытууга барууда Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги тарабынан берилген графикти так сактоо керектигин баса белгиледи.