Азирети Муфтий Мекке шаарында өткөн илимий конференцияга катышып, САПтын Ажылык жана умра министри Мухаммед Салех ибн Тахер Бентен тарабынан сыйланды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 6-августта Сауд Араб Падышачылыгынын Мекке шаарында САПтын Ажылык жана умра   министрлиги тарабынан өткөрүлгөн «Ажылыктын улуу симпозиуму» аттуу илимий конференцияга катышып,  «Исламдагы толеранттуулуктун жол жоболору»  темасында  доклад окуду. Илимий илимий конференцияга Сауд Араб Падышасынын  кеңешчиси, САПтын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү шейх, доктор Саъд бин Наасыр Ашшисри, Сауд Араб Падышачылыгынын Аппаратынын кеңешчиси, САПтын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү доктор Салих бин Хумейд, эки ыйык мечиттин иштери боюнча башкармалыгынын башкы директору, ыйык Харам мечитинин башкы имамы, доктор Абдурахман Ас-Судейс катышты.

Илимий илимий конференцияда Азирети Муфтий Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана умра министри Мухаммед Салех ибн Тахер Бентен тарабынан Кыргызстандагы ажылыкты уюштуруу жана Ислам дининин асыл баалуулуктарын коомчулукка жеткирүүдө кошкон зор эмгеги үчүн сыйланды.