Жалал-Абад облусттук казыяты 6 айдын жыйынтыгын чыгарды

Кечээ, 6-августта Жалал-Абад облустук казыятынын жыйындар залында  үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгына карата 6 айда аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Отчёттук жыйын алкагында күн тартибинде Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүүдө имамдын ролу, Курман айтка даярдык, 2-жарым жылдыкка тапшырмалар жана ар түрдүү маселелер каралып, буга чейин активдүү иштеген дин кызматкерлерине Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин атынан ардак грамоталарды, алкыш баракчаларды алган дин кызматкерлерин куттуктоо, андан соң, жаңы курулуп жаткан Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятынын имараты менен таанышуу болду.

Бул отчёттук жыйынга облустун казысы, казыят кызматкерлери, облус аймагындагы бардык район, шаардын баш имам хатибдери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө КМДБнын, казыяттын буйрук, чечимдерин жана фатвалардын аткарылышы боюнча анализ жүргүзүлүп, 6 айдын жыйынтыгы боюнча  Жалал-Абад казыятынын ишмердүүлүгү “жакшы” деп бааланды.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи  Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен аймактарды өнүктүрүүдө жана казыяттардын деңгээлин жогорулатууда өзү демилге көтөрүп, казыяттардын имаратынын курулушуна жана түптөөдө жакындан жардам берип келүүдө.