Баткен облусунун казысы аймактагы имамдарга жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди

Кеээ,6-августа Баткен облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов район-шаарлардын баш имам хатибдерине жыйын өткөрдү.

Жыйынга КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов жана казыят кызматкерлери катышты.

Иш-чарада облус казысы келе жаткан Курман айт майрамын өткөрүүгө байланыштуу жана Коргоо кеңешинин “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” жөнүндө чечимин ишке ашыруу, имам Аль Матуридий акыйдасы боюнча Ханафий мазхабын бекемдөө, эл арасында жана улуттар аралык ынтымакты чындоо калк менен жүргүзүлгөн иштерди талкууга алды. Мындан тышкары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары менен биргелешип аракеттешүү, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттери сыяктуу бир катар орчундуу маселелер каралды.

Жыйын жүрүшүндө  Баткен облусунун казысы кызматка жаңы дайындалган КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсуповду жалпы дин кызматкерлерине тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады.

Жыйындын соңунда баш имам хатибдердин сунуш-пикирлери айтылып, жыйында айтылган багытта мындан ары активдүү иш алып баруу зарыл экендиги баса белгиленди. Ал эми Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов бир канча иш аракеттерди аткаруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.