Ыйык Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылар Мина өрөөнүнө көчө башташты

Ыйык Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылар Мина өрөөнүнө көчө башташты. Учурда ажылардын алгачкы тобу Мина өрөөнүнө келишип, Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген чатырларга жайгашууда. Ажыларды Мина өрөөнүнө көчүрүү иши Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабы тарабынан кечки саат 20:00до башталып, тозуп алуу жана жайгаштыруу иштери улантылууда.

Эскерте кетсек, кыргызстандык ажылар эртең, 10-августта багымдат намазынан кийин  Арафат өрөөнүнө көчүшүп, андан соң кечинде Муздалифа өрөөнүнө сапар алышат.