Ысык-Көл районунун баш имам хатиби имамдар менен жолугушуп, аларга бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 9-августта Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев Кош-Көл айылдык мечитинде райондук имамдар менен жолугушуп, алардын жүргүзүп жаткан иши менен жакындан таанышты.

Жолгушуу учурунда күн тартибинде айлык отчётторду тапшыруу талаптары, мечиттердин тазалыгына көңүл буруу, КМДБ жана облустук Казыят тарабынан келген буйрук билдирүүлөрдүн аткарылышы, адеп-ахлак тарбия сабактарынын өтүлүшү жана даават маселеси тууралуу талкуу болуп, ар бир имамдын ишмердүүлүгүнө кеңири токтолду.

Мындан сырткары коомдук иш-чараларды өткөрүү, терс агымдар, алардын азгырыктуу иш аракеттеринин коомчулукка тийгизген терс таасири, ынтымак, биримдикти сактоо боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирди.