Жайыл айылында 260 орундуу мечит элге кызматка берилди

Чүй облусунун Жайыл районундагы Жайыл айылында 260 орунга ылайыкталган «Халед Эйдо ал Матрафи» атындагы мечит бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Аталган мечит Сауд Араб Падышачылыгынын боордош кыргыз элине «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду тараптан каржыланып, дааратканасы жана жаш балдардын таалим-тарбия алуусу үчүн атайын кичи медресеси менен, заманбап болуп курулду.

Ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары, демөөрчүлөр, Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов жетектеген казыят кызматкерлери, Жайыл районунун хатибиятынын кызматкерлери, «Ас-Салам» фондунун кызматкерлери жана диний аалымдар катышты.

«Аллах Таалам ушул ыйык жайдын ачылышына салым кошкондордун бардыгына бейиштен үй насип кылсын, мал-мүлктөрүнө береке берип, мындан ары да мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө салым кошкондон айрыбасын»,-деди Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов.