Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Курмандык чалуунун фазилеттери жана шарттары туурасында баяндама жасады

Бүгүн, 9-августта Ош облусунун Кара-Суу районундагы  Ташлак айылынын “Имам Ат-Тирмизий” мечитинде Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Курмандык чалуунун  фазилеттери жана шарттары туурасында жума баяндамасын жасады жана айт намаздын кайсыл убакта окулуусун жалпы жамаатка жеткирди.

Ошондой эле  элди тынчтыка, ынтымакчылыкка жана сабырдуулукка чакырды.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын бардык аймактарында Курман айт майрамы 11-августта белгиленген. Ал эми айт намазы саат 7:45 де окулмакчы. Ага чейин дин аалымдарынын баяндамалары айтылмакчы.