Кара-Буура районунда 400 орундуу мечит пайдаланууга берилди

Кечээ, 9-августта Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбай айылында 400 орунга ылайыкталган «Абдул Азиз ибн Мухамад Ал Анвар» мечити бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Аталган мечит Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынан каржыланып, жаш балдардын таалим-тарбия алуусу үчүн атайын кичи медресеси менен мезгилдин талабына ылайык болуп курулду.

Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев, Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев , Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жетекчиси Мухаммад Мади жана жергиликтүү тургундар катышты.

“Алла Таалам ушул ыйык мечиттин ачылышына салым кошкондордун бардыгына бейиштен үй насип этип, ар биринин үй-бүлөлөрүнө берекелерди каалоо менен биргеликте  мамлекетибизде тынчтык,туруктуулук болсун»,-деди Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев.