Кыргызстандык ажылар Арафат өрөөнүнө келишип, ажылыктын 3 парзынын бири болгон Аафада туруу амалын аткарышууда

Бүгүн, 10-августта Кыргызстандык ажылар Арафат өрөөнүнө келишип, ажылыктын 3 парзынын бири болгон Аафада туруу амалын аткарышууда. Мекендештерибиз элибиз, жерибиз жана мамлекетибиз үчүн дуба кылышып, Жараткандан жакшы тилектерин сурашууда.

Учурда Арафат өрөөнүндө кыргызстандык ажылар үчүн 2 медициналык пункт иштеп жатат. Ажыларыбыздын ден соолуктары жакшы. Учурда Арафат өрөөнүндө мээлүүн жер жүрүп, асман ала булут болуп турган мезгили.

Эскерте кетсек, мекендештерибиз бүгүн,10-августта  жергиликтүү саат боюнча 19:00до Муздалифа өрөөнүнө көчө башташмакчы.