Жумагулов Русланбек Жаныбекович — Чүй облусунун мусулмандарынын казысы

Жумагулов Русланбек Жаныбекович – 1969-жылдын 20-апрелинде Чүй областынын Москва районуна караштуу Төлөк айылында жарык дүйнөгө келген. Диний жогорку билимге ээ. 1991-1992 – жылдары Чүй областындагы «20-хутор» медресесинде жана 1998-2001 – жылдары «Азирети Умар» атындагы Кыргызстан Ислам институтунда билим алган. Светтик билимге ээ. 1987-1990 – жылдары Бишкек шаарындагы медициналык институтунда окуган.

Эмгек жолун 1992-жылдан тартып 2004-жылга чейин Москва  районунун баш имам хатиб кызматын аркалоодон баштаган. Андан кийин алгачкы ирээт 2004-жылдан баштап 2010-жылга чейин Чүй облусунун мусулмандар казысы болуп эмгектенген. Ошол учурларда Чүй казыятынын иш кагаздарын түп тамыры менен ырастап, казыяттын кеңсеси катары Военно-Антоновка айылындагы «Хадижа» мечитин курган. 2010-жылы экс-Муфтий Мураталы ажы Жуманов дүйнө менен кош айтышып кеткенден кийин, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи болуп да кызмат өтөгөн. Ошол учурдагы диний кырдаалды ырастап, муфтийлик кызматты өз ыктыяры менен Чубак ажы Жалиловго өткөрүп берип, экинчи ирет кайрадан 2011-жылга чейин Чүй облусунун казысы кызматына келген. 2011-жылдан тарта 2017-жылга чейин өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, Азирети Муфтийдин тышкы жана коомдук иштери боюнча кеңешчиси катары эмгектенген. Азыркы учурда Чүй облусунун мусулмандар казыятынын казысы.

Кыргыз Республикасынын ардактуу дин кызматкери, Кыргыз Республикасынын суу-чарбасынын отличниги сыйлыктары менен сыйланган.

Орус, немец, өзбек, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Эркин күрөш жана оор атлетика спорттук түрлөрү менен машыгып келет.

Үй-бүлөлү, эки уул, төрт кыздын атасы