Жээнбеков Нематилла Пусурманкулович —1968-жылы 10-мартта Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Акчалуу айылында туулган.
Билими:
1975-1985-жылдары Ильич орто мектебин ийгиликтүү аяктаган
1986-1988-жылдары Томск шаарында сержанттык наам менен аскердик кызмат өтөгөн
1988-1990-жылдары Бухара шаарында “Мир Араб” атындагы Ислам институтун аяктаган.
1990-1994-жылдары Бишкек шаарындагы “Хазирети Умар” атындагы Ислам институтун аяктаган.
1994-1998-жылдары Мекке шаарындагы “Уммул Куро” Эл аралык университетин бүтүргөн
2014-2019-жылдары Жалал-абад мамлекеттик Университетинин тарых факультетин бүтүргөн.
2019-2020-жылдары И. Арабаев университетинин теология факультетинде магистрант.
Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү:
1998-жылы Жалал-абад шаарынын баш имам хатиби
1998-1999-жылдары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда специалист
1999-жылы КМДБнын мечит иштери боюнча бөлүм башчысы
1999-2002-жылдары Нарын облусунун казысы
2002-жылы Азирети Муфтийдин орун басары
2003-2006-жылдыры Кыргызстан Ислам Университетинин ректору
2007-жылы КР Өкмөтүнө караштуу ДИМКнын директорунун кеңешчиси
2010-жылы Азирети Муфтийдин кеңешчиси
2011-жылы КМДБнын аппарат жетекчисинин орун басары
2014-жылы Жалал-Абад облусунун казысынын кеңешчиси
2014-жылы Жалал-Абад шаарындагы “Исмаил Ал Бухари” мечитинин имамы
2017-жылы “Түз багыт” коомдук фондунун төрагасы
2021-жылы Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы
Кыргыз, орус, араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт
Үй-бүлѳлүү, уул-кыздардын атасы