![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2020/12/cb9f084e-abf3-453f-a1ac-537a0f9b48fa.jpg)
Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан демилгеленген “Адам жаны аманат” апталык иш-чарасы Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылында да болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында райондун баш имам хатиби Максат Сейталиев жана аталган айылдын имамы Жарашбек Асанбеков Бишкек-Григорьевка каттамындагы маршуруттук таксилердин айдоочуларына жол эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, атайын даярдалган маалымат баракчаларын таратышты.
Ушундай эле иш-чара Ысык-Көл районунун Баетов айылында да орун алып, ал жактын имамы да жергиликтүү такси кызматынын айдоочуларына жол эрежелерин сактоого чакыруу менен алар ташып жүргөн жүргүнчүлөрдүн өмүрү жана саламаттыгына жоопту болушаарын эскертти.