Ош облусунун Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов район аймагындагы жетекчилердин катышуусунда коронавирусту алдын алуу боюнча жыйынга катышты
Иш-чарага Араван районунун акиминин орун басары Музаффар Мамасаидов, ИИМдин өкүлдөр, айыл өкмөт башчылары жана тажрыйбалуу медицина кызматкерлери катышты.
Иш-чарда Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов Ислам дининде тазалыктын орду чоң экенин баса белгилеп, аталган илдетти алдын алууда биргеликте иш алып баруу зарылчылдыгына токтолду.
«Ислам дини — аруу, тазалыктын дини. Тазалык ыймандын жарымы деп бекеринен айтылбаса керек. Кудай да сактанганды сактайт. Мындай учурда бардык мекемелер биргеликте иш алып баруу зарыл», — деди Алибек ажы Жусупов.