Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков Майлуу-Суу медициналык колледжинде окуган студенттерге лекция өттү. Анда дарыгерлик билим алуунун пазилеттерин жана пайгамбарыбыздын медицинасы туурасында айтып берди.
«Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.в.а.) кайсы адам жакшы адам деп сураганда пайгамбарыбыз: “Адамдарга көбүрөөк пайдасы тийген адам” деп жооп берген. Демек медицина тармагындагылар дагы адамдарга көп пайдасы тийген адамдар”-деди Абсатар ажы.