Ош облусунун аймагындагы райондордун баш-имам хатибдерине жыйын болуп өттү. Жыйында төмөнкү маселелер каралып, тиешелүү тапшырмалар берилди:
— Айт намазын өз убагында окуу;
— мечиттердин тазалыгына көңүл буруу;
— мечиттердин эсептик каттоосун бүткөрүү;
-садака-фитирди жыйноодо так болуу;
— орозо айттын хутбаларында КР Президентинин ПЖ №54 Жарлыгынын негизинде ысырапкерчиликтин кесепеттерин айтуу, элди ар түрдүү ушак-айыңдардан узак болуп, эмгек кылууга үгүттөө;
— жогорудагы тапшырмалардын аткарылганы боюнча маалыматтык отчётторду өз убагында тапшыруу.
“Келе жаткан айт баарыбызга маарек болсун. Буйруса, айт намазын окууга даярдыктар башталды. Ошол айт намазынын хутба-баяндарында ысырапкерчиликке жол бербөө, ушак-айыңдан узак болуу жана элди эмгекке үндөйлү. Үрөн сээп, “кыштын камын жазда көрөлү” деп айталы. “Качып кетсең, чачып кет” деп даанышман элибиз бекеринен айткан эмес”, – деди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.