Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Кыргызстан коммерциялык банкы ААК (Mbank), РСК банкы жана «Альфа Телеком» ЖАК (MegaPay) менен биргеликте жарандар үчүн 2024-жылдагы фитир-садаканы берүүнүн санариптик системасын иштеп чыкты.
Жарандар фитир-садаканы жана зекетти берүүдө Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын банктардагы эсептик счетторуна банкоматтар, терминалдар жана мобилдик тиркемелер аркылуу беришсе болот. Колдонуучулардын садака-фитир, зекет сыяктуу кайрымдуулук төлөмдөрү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эсебине түшөт.
Садака-фитирди мобилдик капчыктын жардамы менен кантип төлөөгө болот?
1-кадам: MegaPay, Mbank же РСК банк тиркемесин App Store же Google Play сервистеринен жүктөп алуу;
2-кадам: «Кайрымдуулук» бөлүмүнө кирүү;
3-кадам: Битир-садага, зекет же жетим балдарга бөлүмүн тандоо;
4-кадам: «Реквизиттер» сабына кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтүү керек.