Баткен районунун баш имам хатибинин жардамчысы Сайдахмат Аппазов Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ айылынын эли менен жолугушту. Жолугушуу «Усман Зуннурайын» мечитинде өтүп, анда Сайдахмат Аппазов Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын №259 буйругун ишке ашыруу максатында бирдиктүү жума хутбасы, адал-арам, жетимдердин жана башкалардын акысынан сактануу боюнча баяндама жасады.
Ошондой эле жергиликтүү тургундарды күз мезгилиндеги ысырапкерчиликтен сактанууга чакырып, мамлекетибиздин жаркын келечеги, элибиздин ынтымак, биримдиги үчүн бата кылышты.