Ысык-Көл районунун Өрнөк айылынын имамы Жылдызбек ажы Сатыбалдиев мечит жамааты менен биргеликте жардамга муктаж, жесир үй-бүлөөгө тамак аш түрүндө жардам көрсөтүштү.
“Садака берүүнүн пайдасы, пазилети туурасында, жакшылык жеткирүүнүн жолдору туурасында өткөрүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы, аз болсо да колубуздан келишинче тамак аш түрүндө жардам көрсөтүп жаткандыгыбыз”,- дейт мечит имамы Жылдызбек Сатывалдиев.
Ушул кайрымдуулук ишине колдон келишинче колдоо көрсөткөн биртуугандарга ыраазычылык айтылып, дуа кылынды.
Алдыда кайрымдуулук иштери улана беришин айтып, кароосуз калган карыларыбыздын үй-жайларын жылуулап, кышка даярдык аракеттери болушун кошумчалады мечит имамы Жылдызбек Сатывалдиев.