Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев Кара-Суу районунун «Достук» мечитинде калкты ысырапкерчиликтен арылууга, ашыкча ырым-жырымдан алыс болууга, бардык нерсени үнөмдүү, сарамжалдуу пайдаланууга жана берешендик кылууга чакырды.
Андан соң Кара-Суу районунун ишмердүүлүгү менен таанышып, Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыровго Ош облусунун жаңы имаратын салууда көрсөткөн кызматы үчүн ыраазычылык баракчасын тапшырды.
«Бай барынча, жок алынча берешендик кылуу керек. Кереметтүү Куранда: «Өздөрүнүн мал-мүлкү, дүйнө байлыктарын күн-түн дебей жашыруун жана ашкере кылгандар үчүн Жараткандын алдында эбегейсиз чоң сооп бар. Алар үчүн эч кандай кайгы жана эч кандай коркунуч жок (Бакара-274)»-деп буюруп жатат. Мына ошондуктан баарыңыздарды берешендүү болууга чакырамын», — деди облус казысы Самидин каары Атабаев.