Баткен облусунун Исфана шаарындагы «Абдулло ибн Аббас» Ислам институтунун кыздар бөлүмү ректордун демилгеси менен, пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в)дын төрөлгөн айына карата мавлид иш-чарасын уюштурду.
Иш-чарага Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дуйшөев, институттун ректору Медербек ажы Намабаев жана мугалимдер катышты.
Иш-чаранын алкагында Пайгамбарыбыздын өмүр баяны, Ислам дининин асыл баалулуктары туурасында аят, хадистердин негизинде маалыматтар айтылды. Ошондой эле студенттер арасында суроо-жооп болуп, суроого так жооп берген катышуучуларга Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дуйшоев акчалай жана белектерди тапшырды.