Түп райондук администрациясынын жыйындар залында “Тазалык жана ыймандуулук” аталышында жыйын өтүп, ага район акими Элчибек Нуржадиев, аксакалдар, имамдар, айыл жаштары, айыл өкмөттөрү катышып, тазалык маселеси талкууланды.
“Тазалык-ыймандын бир бутагы демекчи, өзүбүздү руханий тазаласак чөйрө, коом таза болот. Жаратылыш, чөйрө-бул бизге берилген аманат”,-деди баш имам хатиб Бакыт ажы Кайкиев.
Иш-чарда коомчулукка, жаштарга туура тарбия берип, ыймандуулукка, адептүүлүккө чакыруу ар бир жарандын чоң жоопкерчилиги экендиги айтылды.