Ош шаардык казыятына караштуу “Ахмад Яссавий” мечитинин имам хатиби Муллатов Адылжан баш болгон мечит жамааты “Туран” муниципалдык башкармалыгындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тамак-аш азыктарын таратышты.
Мечит жамааты тарабынан топтолгон 8 миң сом өлчөмүндөгү каражата күнүмдүк турмушка керектелүүчү азык-түлүк сатып алышып, аларды мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кары-картаңдарга, жардамга муктаж 16 үй-бүлөгө барып, таратып беришти.
“Ар бир адамга ар түрдүү сыноо берилет. Биз жараткан Аллага нааразы болбой, баарына шүгүр келтирип, жок нерсеге сабыр кылсак, Аллах Таала акыретте сыйлыгын берет”-деди А. Муллатов.