Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Бащкармалыгы ажыга баруучулардын кемселин (жилет) тигүүчүлөр ортосунда конкурс жарыялайт.
2020-жылдагы ажылык сапарында ажылыр кийүүчү жайкы кемсел (жилет) тигүүчүлөр үчүн коюлган
ТАЛАПТАР
- Убактылуу Республикалык Штабдын (УРШ) төрагасынын атына конкурска катышуу боюнча арызы.
- Конкурска катышуучу жактын иш кагаздарынан (документтеринен) көчүрмөлөр.
- Лицензия (патенттин) көчүрмөсү.
- Салык жана соцфондко атайын төлөмдөр боюнча карызы жоктугун тастыктоочу документ.
- Конкурска катышуучу жактын тигүү ишканалар рыногундагы кеминде үч жылдык ишмердигин тастыктоочу каржы иш кагаздары.
- Реквизиттер.
- Ажылык сапарында ажылыр кийүүчү жайкы кемселдин (жилет) эркектер жана аялдар үчүн үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).
- УРШнын мүчөлөрүнө (эркектер жана аялдар үчүн) кийүүчү жайкы кемселдин (жилет) үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).
Конкурска катышуу үчүн билдирүүлөр 2019-жылдын 27-декабрынан 2020-жылдын 27-январына чейин кабыл алынат.
Эскертүү: Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечигип тапшырылган билдирүүлөр комиссия тарабынан каралбайт.
Конкурс тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына кайрылса болот.
Конкурс өтө турган күн:
2020-жылдын 30-январы, саат 09:00
Жайы:
Муфтияттын жыйындар залы.
Документтерди кабыл алуу:
2019-жылдын 27-декабрынан 2020-жылдын 27-январы, саат 17:00гө чейин.
Жыйынтыкты жарыялоо күнү:
2020-жылдын 31-январы.
Эскертүү: Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт жана кийим тигүүчүлөрдүн ортосунда өтүүчү конкурска катышуучу талапкерлер сөзсүз түрдө кемселдин (жилет) үлгүсүн Муфтияттан сурап билүүлөрү зарыл.
Тел:0705811523
Тел/факс: 0312 48 61 67
э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru