Кечээ, 15-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун баш имам хатиби Дастан ажы Мамаев баш болгон хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары тарбынан Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылындагы Марат Разаков атындагы балдар үйүнө 17000 сомдук окуу куралдары жана күнүмдүк жашоого керектелүүчү тамак-аш азыктары, оюнчуктар, кир жуучу каражаттар сатылып алынып, жеринде берилди.
Кайрымдуулук иш-чарасындагы каражат хатибият жана мечит имамдары тарабынан каржыланды.
«Бүгүнкү балдарыбыз эртеңки келечегибиз. Биз, Жараткан алдында мусулманчылык милдетибизди аткарып жатабыз. Балким колу ачык, берешен, кайрымдуу инсандарга өрнөк болуп калаарбыз»,- деди Дастан ажы Мамаев.