Кечээ, 25-февралда Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан аялдарды Куран жаттоого кызыктыруу максатында Куран жарышы өткөрүлдү.
Иш-чарага облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов катышып, Куран жаттоо жана башкаларга үйрөтүүнүн сообу туурасында айтып, катышуучуларды Куран жаттоого жана ага амал кылууга чакырды.
Жарыш Куранды 1 пара жаттоо жана көркөм боюнча болуп, жыйынтыгында демөөрчүлөр тарабынан белектер тапшырылды.
“Жарышка катышуучулардан сырткары көрүүчүлөрдүн саны өтө көп болуп, имаратка батпай калышты. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, жакшы маанайда өттү. Келечекте мындай Куран жарыштарын дагы уланта бермекчибиз”,-деди уюштуруучулар.
Ал эми жарышка катышкан катышуучулардын айтымында, Куран адамдын кулк-мүнөзүнүн өзгөрүшүнө себепчи болот.
“Куранды окуган соң адамдын мүнөзү жумшарып өзгөрөт экен. Башында аны жаттай албай аябай кыйналгам. Негизинен Куранды окуган адам өзүнүн жоопкерчилигин сезип, жүрүм-турумуна кылдаттык менен мамиле жасайт экен”, — дейт катышуучулардын бири.