Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаарынан “Садака жарыя” кайрымдуулук уюму тарабынан Талас облусунун Манас райондук хатибиятына жардам алуу кезегинде турган 52 үй-бүлөгө азык-түлүктөр тапшырылды.
Анын ичинде 10 кг ун, 5 л май, 5 кг макарон, 5 кг кум шекер, 5кг күрүч болуп бардыгы 30 кг ды түзөт. Жардам баштыкчасын Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев өз колу менен тапшырды. Ар үй-бүлөгө бериле турган баштык орточо 1500 сомдон айланып, жалпы 78 000 сомду түздү.
Баса белгилей турган нерсе, жаңы жылдан бери бул акция үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Бул жолу Бала-Саруу, Покровка, Үч-Коргон, Таш-Башат, Май, Манас, Көк-Дөбө айылдарына таркатылды.
“Хатибияттын жана жалпы элдин атынан “Садака жарыя” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө жана ортобузда көпүрө болуп турган Израйил Ибраевге узун өмүр, кажыбас кайрат, чың ден соолук каалап кетебиз”,-деди Миржалал ажы Дадабаев.