Талас облусундагы Бакай – Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы жума мечитинде жамааттан түшкөн бир жумалык садакадан, жетим жесирлерге, жардамга муктаж болгон көп балалуу үй-бүлөлөргө, кайрымдуулук жардам көрсөтүлдү.
Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында өткөрүлүп жаткан кайрымдуулук иш-чарасына Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев өзү баш болуп катышты.
Мечитке түшкөн 32750 сом каражатка азык-түлүк сатылып алынып, 33 үй-бүлөгө анын ичинде жетим — жесирлерге, муктаж үй-бүлөлөргө таркатылып берилди.
“Учурдун эң эле маанилүү көйгөйлөрүнүн бири ысырапкерчиликтен чыгуу. Ошондуктан, баарыбыз бир — бирибизге жардам берүүнү унутпайлы. Өзгөнү да ойлой билели. «Кошунаң ачка отурганда сенин тоё тамак жегениң дурус эмес» — дегендей Алла жолуна жумшалган кайрымдуулук эч качан жоопсуз калбайт. Сыйлыгын бул дүйнөдө болбосо, акыретте сөзсүз көрөсүздөр”, — деди облус казасы Таалайбек ажы Бапиев.