Акыркы күндөрдө коомчулукта кооптонууну жаратып жаткан коронавирус илдетинен дүрбөлөнгөн түшкөн эл азык-түлүктү көп ала баштаган. Абалдан пайдаланган айрым сатуучулар бааны жогоруулатып сатканы байкалган.
Мындан улам 15-16-март күндөрү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы дин кызматкерлери жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташып, азык-түлүктүн баасын атайлап көтөрүү күнөө экендигин айтып сатуучуларды азык-түлүк баасын жогорулатпоого чакырды.
«Айрым соодагерлер учурдан пайдаланып, кымбат сатуусу шариат өкүмүнө ылайык туура эмес, динибиз кайра кыйынчылык мезгилинде бири-бирибизге көмөктөшүүгө чакырат»,-деди облус казысы
Белгилей кетсек, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун тапшырмасы менен азык-түлүктүн баасын атайлап көтөрбөө боюнча аймакта түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.