Дүйнө жүзүндө анын ичинде өлкөбүздө орун алып жаткан коронавирус илдетинен улам жабыркап жаткан муктаж үй-бүлөгө мамлекеттик жана ишкерлер колдоо көрсөтүүдө. Алардын арасында диний уюмдар четте албай ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө.
Кезектеги кайрымдуулук иш-чарасы Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында өткөрүлүп жалпы 400 миң сомдук жардам көрсөтулдү. Бул тууралуу Кадамжай райондук хатибиятынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кайрымдуулуктун натыйжасында Кадамжай шаарында 51 үй-бүлөгө, Айдаркен шаарында 15 үй-бүлөгө, ал эми Үч Коргон айылында 100 үй-бүлөгө , Халмион айылында 10 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамдар тартылды. Жалпы 176 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.
Кадамжай районун баш имам хатиби Шакир ажы Маматовдун демилгеси менен уюштурулуп жаткан мындай кайрымдуулук иштери дагы улантылат.