Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мечиттердин айланасын тазалоо иштери башталды. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.
Анын айтымында, Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Ак-Талаа мечитинде өткөн жума күнү ишембилик болуп, мечиттин айланасын тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Ишембиликке жергиликтүү жамаат катышып, мечиттин короосундагы таштандылар менен акыр-чикирден тазалашты.
«Дал ушундай тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн райондун башка мечиттерине дагы тапшырмалар берилди. Ишембилик өткөрүү жоопкерчилиги мечиттин имамдарына жүктөлдү. Тазалык бул мусулмандын негизи сыпаатарынан экендигин келген жамаатка байма-бай айтып келебиз»,- деди Акылбек Эсеналиев.