Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош шаарындагы ӨКМ кызматкерлерине «Тартип жана Ыйман» деген темада өз баяндамасын жасап, аларга дем күч жана руханий байлык катары акыл-насаатын айтуу менен бирге алардын шарият боюнча кызыктырган суроолоруна жооп берди.
«Башка кызматта иштеген адамдар үчүн 5 же 10 минута иш убактысы канчалык маанилүү болсо да, сиздер үчүн 5 же 10 минута адам өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Адам өмүрүн саткап калууда себепчи болгон адам катары эмгектенип жатканыңыздар үчүн шүгүр келтириңиздер. Анткени сиздерге канчалаган үй-бүлөлөр дуба кылып, ыраазы болуп келүүдө»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.
Иш-чарага Ош гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлү, Жоокерлер Энелери Республикалык комитеттин төрайымы жана ӨКМ кызматкерлери катышты. Иш-чара санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.