Орусияда эмгектенген мекендештерибиз мамлекетибиздин тынчтыгы үчүн Жараткан Алла Таалага кайрылып дуба кылышты. Бул туурасында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев билдирди.
Иш-чара алкагында Москва шаарында эмгектенген мекендештерибиз мамлекетибиздин тынчтыгы, өнүгүп-өсүүсү, жаштарыбыздын ыймандуулугу жана эли-журтубуздун амандыгы үчүн дуба кылышты.
«Мусулмандын куралы дуба. Андыктан ар бирибиз алакан жайып Жараткан Алла Таалага кайрылып, элибиз, жерибиз жана өлкөбүз үчүн дуба кылышыбыз милдеттүү»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.