Талас облусунун Кара – Буура районунда 2 кабаттан турганын медресенин курулуш иштери соңуна чыгып калды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Талас облустук казынын орун басары Касым ажы Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, медресе 70 адамга ылайыкташып, ичинде окуу жайы, ашкана, дааратканасы дагы бар. Курулуш иштери мындан 8 жыл мурун башталып, каражаттын тартыштыгынан улам токтоп калган эле.
«Бүгүнкү күнгө карата медресенин 80 пайызы бүткөрүлдү. Кудай буюрса 1 айдын ичинде толук аяктоонун алдында турабыз. Эң биринчи максат келечек муунду туура жолго салып, аларга илим үйрөтүү. Бул райондо медресе жок болгондуктан элдин талабы менен башталган иш”, — деди казынын орун басары Сыдыков Касым ажы.