Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан борбордук “Исмаил Ал- Бухарий” мечитинин имам хатибинин демилгеси менен мечиттин айлана-чөйрөсүн оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда аталган мечиттин имам хатиби Нематулла ажы Жээнбеков билдирди.
Анын айтымында, мечиттин короосун иретке келтирүү иштерине кеткен каражат мечит жамаатынын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылууда.
“Жалпы жолунан оңдоп-түзөө иштерине 200 000 сом акча каражаты сарпталды. Кышка карата даярдыктар көрүлүп, сууну үзгүлтүксүз берүү үчүн түтүктөрүн калыбына келтирдик”,-деди мечит имамы Нематулла ажы.